Коомдук угуу өткөрүү боюнча кулактандыруу

Коомдук угуу өткөрүү боюнча кулактандыруу

Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодекстин 127-беренесин жетекчилике алып, коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн Кара-Кулжа айыл өкмөтү 2027-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун  маселелерин ачык талкуулоо формасында коомдук бюджеттик угуу (КБУ) өткөрүлөт. Коомдук бюджеттик угуунун маалыматын айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Маматалиева Венера берет.

Коомдук бюджеттик угуу (КБУ) 2026-жылдын 10-июлунда Кара-Кулжа айылындагы Маданий борборунун конференция залында өткөрүлөт, убактысы саат 10-00 дө башталат.

Айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жөнүндө коомдук бюджеттик угууга (КБУ) жергиликтүү кеңештин депутаттары , муниципалдык ишканалар, коомдук жарандар, муниципалдык менчикти пайдалануучу мектептер, бала бакчалар, китепкана жана маданият үйү, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн катышуусунда талкууланат.

Жергиликтүү жамаатын жарандык бюджетине веб-багытындагы www.gb.minfin.kg сайт аркылуу сунуштарды жана сунуштамаларды “Суроолор жана сунуштар” бөлүмүндө да калтыра аласыз.

 

                                                                                                                      Уюштуруу тобу