Кара-Кулжа айылындагы “Парк-Мира” объектисин ижарага берүү боюнча жарыя

Кара-Кулжа айылындагы “Парк-Мира” объектисин ижарага берүү боюнча жарыя

Кара-Кулжа айылындагы “Парк-Мира” объектисин ижарага берүү боюнча жарыя

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кара-Кулжа айылындагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык мечигинде турган  "Парк-Мира" объектисин МЖӨ долбоору аркылуу ишке ашырууга байланыштуу узак мөөнөткө ижарага берилет.


ПСД жана коштоочу документтердин тизмеси


1. ПСД (Предпроекттик сметалык документация)

I. Кыскача маалымат

  • Объект: Кара-Кулжа айылындагы "Парк-Мира"
  • Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Кулжа айылы
  • Аянты: 1,70 га
  • Мүлктүн абалы: (буюм, имарат, инфраструктура ж.б.)
  • Менчигинин түрү: Муниципалдык

II. Долбоордун максаты

  • Парк аймагын заманбап шартта калыбына келтирүү
  • Калк үчүн эс алуу аймагын түзүү
  • Жеке сектор менен өнөктөштүктө узак мөөнөттүү пайдалуу кызмат көрсөтүү

III. Жүзөгө ашыруу механизми (МЖӨ)

  • Мыйзамдык негиз: 2021-жылдын 11-августундагы № 98 МЖӨ жөнүндө Мыйзам
  • Ижара мөөнөтү: (15-жыл)
  • Жеке өнөктөштүн милдеттери: инвестиция, тейлөө, эксплуатация
  • Мамлекеттик органдын милдеттери: уруксаттар, жер маселелери, колдоо

IV. Болжолдуу инвестиция

  • Алдын ала эсептөөлөр боюнча инвестиция көлөмү:
  • Киреше алуу булактары: кафе, аттракцион, оюн зоналары, аренда ж.б.

V. Социалдык-экономикалык эффект

  • Жумушчу орундар түзүлөт
  • Калктын маданий эс алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет
  • Аймактын туристтик потенциалы жогорулайт

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кара-Кулжа айыл өкмөтү “Парк-Мира” эс алуу жайын узак мөөнөткө ижарага берүү ниетинде. Бул долбоор жеке өнөктөштүк аркылуу паркты калыбына келтирип, калк үчүн сапаттуу эс алуу шартын түзүүгө багытталган.

 

 

 

 

2. Лоттор боюнча маалымат жана талаптар

ЛОТ № 1 – Балдар ойноочу аянт

Максаты: Балдарга коопсуз, заманбап жана кызыктуу ойноочу аянтча куруу жана иштетүү
Аянты: 1,00га
Ижара мөөнөтү: 15-жылга чейин
Инвестициялык милдеттенмелер:

  • Коопсуз резина жабдуулары менен жабдуу
  • Сертификацияланган оюн жабдууларын орнотуу
  • Коопсуздук стандарттарын сактоо
    Өнөктөштүн тандоо критерийлери:
  • Балдар аянтчаларын курууда тажрыйбасы
  • Финансылык туруктуулук
  • Социалдык багыт (арзан жеткиликтүүлүк, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарт)

ЛОТ № 2 – Кафе-ресторан

Максаты: Жергиликтүү тургундар жана коноктор үчүн коомдук тамактануу жайын уюштуруу
Аянты:
0,20га
Ижара мөөнөтү: 20
-жылдан 25 жылга  чейин
Инвестициялык милдеттенмелер:

  • Женил типтеги курулуш куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүү
  • Санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берүүчү ашкана жана зал
  • Жергиликтүү азыктарды колдоо
    Өнөктөштүн тандоо критерийлери:
  • Тамактануу тармагындагы тажрыйба
  • Санитардык эрежелерди сактоо боюнча план
  • Жергиликтүү кадрларды жумушка тартуу

ЛОТ № 3 – Кыргыз үй жана конок үйү

Максаты: Туризмди өнүктүрүү, улуттук маданиятты жайылтуу
Аянты:
0,30га
Ижара мөөнөтү: 1
5-жылга чейин
Инвестициялык милдеттенмелер:


ЛОТ № 4 – Мейманкана

Максаты: Сапаттуу жана жеткиликтүү турак жай уюштуруу
Аянты:  0,20га
Ижара мөөнөтү: 15-жылга чейин
Инвестициялык милдеттенмелер:

  • Мейманкана (Мини-гостиница)  женил тибиндеги турак жай куруу
  • Коммуналдык байланыштар менен камсыздоо
  • Өрт коопсуздугу жана санитардык шарттарды камсыз кылуу
    Өнөктөштүн тандоо критерийлери:
  • Мейманкана бизнесинде тажрыйбасы
  • Ишмердүүлүк планын сунуштоо
  • Баа саясаты жана жеткиликтүүлүк

3. Тандоо жана конкурстук процесс

1. Танддоого талап кылынган иш кагаздарды кабыл алуу мөөнөтү: 05.08.2025-жылдан

2.  Тандоо жарыя берилген күндөн тартып 30-күн өткөндөн кийин жүргүзүлөт

3. Ар бир лот боюнча техникалык жана финансылык сунуштар берилет
4. Жеңүүчү менен МЖӨ келишим түзүлөт

5. Талапкерлерден ачык жана калыс негизде тандоо жүргүзүлөт. Бардык каалоочуларды катышууга чакырабыз!

  • Юридикалык статус
  • Финансылык жөндөмдүүлүк
  • Тажрыйба жана план

4. Тандоого катышуу үчүн талап кылынган иш кагаздары

  • Арыз (эркин формада)
  • Юридикалык жана жеке жактын тастыктаган документтер (каттоо күбөлүгү, устав)
  • Финансылык мүмкүнчүлүктү далилдеген документтер
  • Предпроекттик сунуш жана инвестиция планы
  • ПСД сы жана тийешелүү иш кагаздары
  • МЖӨ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН)
  • Коомдук пикирге таянган кат (эгер талап кылынса)
  • Ижара мөөнөтү жана шарттары боюнча макулдук
  • Салык кызматынан карызы жоктугу жөнүндө маалымат

 

Эскертүү

 

       Ош областык өнүктүрүү фондусунан кредитөөгө мүмкүнчүлүктөр бар.

 

         Кошумча маалымат алуу үчүн:

·         Тел: 0770019520

·         Электрондук почта: karakulzha.ao@mail.ru

·         Дарек: Кара-Кулжа айылы, Кара-Кулжа айылы айыл өкмөтү М.Алиев атындагы көчөсү №72